Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды, ал үйүндө аялды кармап, сабап, акча талап кылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган 39 жаштагы Н.у. О. Нарын облусунун тургуну, буга чейин үч жолу соттолуп, № 31 ЖАК мекемесинде кылмыш жазасын өтөгөн.
Н.у.О жарым жыл бою алдоо жана коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча алып турган.
Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыштуу топтун мүчөсү ири суммадагы акча алуу учурунда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ыкчам-тергөө аракеттери жүрүп жатат.