USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Президентикке талапкер болгон аял ЖКга шайланууга арыз берди

10:25, 09 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Ленин округундагы бир мандаттуу кайра шайлоого катышууга 26 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушсуздар катары көрсөтүлгөн Руслан Ажыбеков менен Жээнбек Искендеровдон тышкары мандат үчүн мугалим Карачач Исмаилова күрөшөт. Ал 202-жылы президенттикке талапкерлигин коюп, бирок кийинчирек арызын кайтарып алган.

Ачык булактардан белгилүү болгондой буга чейин Исмаилова Чүй облусундагы Кемин районунун Ильчев айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Бирок айылдык кеңештин депутаттары бир добуштан ага ишенбестик билдиришкендиктен, ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин корсөткөн бешинчи аял болду.

БШК талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктарын эскертет.

Парламент депутаттарын кайра шайлоо 10-сентябрда Ленин бир мандаттуу округунда өтөт. Каттоо 20-августка чейин уланат.

Буга чейин БШК Ленин району боюнча 28-майда өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, Дамира Ниязалиевага берилген добуштар жокко чыгарылган. Ал шайлоодо добуштардын 35,86 пайызын алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика