03:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Баткен облусунун тургунунан 1,8 миллионго баалаган тамеки таңгактары табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча кызматкерлери Кара-Бак айылынын тургунунан акциздик маркасы жок 1,8 миллион сомго бааланган тамеки таңгактарын табышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук соту кылмыш ишин карап чыгып, Кылмыш-жаза кодексинин 239-бернеси (Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон ири өлчөмдө жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же иден­тификациялоо каражаттарысыз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү) бюнча соттолуучуну күнөөлүү деп тапты.

Ага 100 миң сом айып пул салынып, 17 миң 960 таңгак тамеки конфискациялынды.

Эң көп окулган жаңылыктар