Чүй облусунун Маевка айылында аялдын үйүнө беш адам кирип, аны сабап кетишкен. Бирок милиция беш айдан бери ишти сотко өткөрбөй жатат. Бул тууралуу 24.kgге адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
Анын айтымында, кол салуу 2023-жылдын 13-апрелинде болгон. Бул окуядан кийин жабырлануучу Аламедин районун ИИБне кайрылып, 10 күн ооруканада дарыланган.
«Беш ай мурун үйүмө мыйзамсыз беш адам кирип, мени сабап кетишти. Мен Аламедин РИИБне арыз жазгам. Тергөөчү Максат Асранкулович бул ишти алып барган, бирок азыр кол салгандар анын тааныштары деп жабууга аракет кылып жатат. Ишти жарым жылдан бери карашпай жатышат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылып жатышат. Бул үчүн алар комиссиялык экспертиза дайындашты», — деди жабырлануучу Тансулуу Калыкова.
Жабырлануучу ишти сотко өткөрбөй жатышканын билдирди. Тегөөчүлөр эч нерсе кылбагандан кийин Тансулуу Калыкова ИИМге кайрылган, бирок ал жактан жардам беришкен эмес.
Адвокат Шердор Абдыкапаров «Бейбаштык» беренеси боюнча козголгон иштер сотко эки айдын ичинде өтүшү керек экедигин белгиледи.
«Тергөө апрелде башталган жана азыркыга чейин сотко өтө элек. Шектүүлөр беш адам. Аларды жада калса 48 саатка дагы камаган жок. Алар боштондукта. Дагы «Жеке менчиктин аймагына кирүү» беренси да бар», — деп нааразы болду адвокат.
Чүй облусунун ШИИБи 24.kgге комментарий берип жатып, Тансулуу Калыкова милицияга 13-апрелде кайрылганын билдирди.
Бул факт Аламедин ИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон. Окуянын бардык жагдайлары аныкталып, бардык катышуучулар суракка алынды.
Тергөөнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы алынган.
«Бир тарап соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбой, иш боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда комиссиялык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат жана анын жыйынтыгы азырынча даяр эмес», — деп айтышты ШИИБден.