USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтердин курулушу башталды

10:42, 04 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров менен бирге Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да барды.

Сары-Жаз суусуна 1100 МВткубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алгандан кийин долбоор токтоп калган. Учурда аны ишке ашыруу башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда.

"МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт",- дейт маалыматта.

Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтердин курулушу башталды

Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн 10 пайызын гана колдонот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18