USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Сентябрь айында Бишкекте төрт жаңы ишкана ачылат

10:14, 04 августа 2023, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын сентябрь айында жаңы төрт өндүрүш ишканасы ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин «Бишкек машина куруу» жана «Бишкек штамптоочу заводу» ишканаларынын базасында жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү тапшырмасына ылайык Кыргызстандын Өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктарынын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.

Анын негизинде сентябрь айында «Кыргыз бетон курулуш», «Кыргыз топчу», «Кыргыз элетроника», «Кыргыз темир мык» ишканалары иштей баштарын билдирди.

«Кыргыз бетон курулуш» заманбап жабдыктар менен коюлуп, ачылгандан кийин жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан, экспортко чыгуу мүмкүчүлүгү дагы түзүлөрү айтылат маалыматта.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика