22:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Трамп 561 жылга соттолушу мүмкүн экенин айтты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп ага каршы козголгон кылмыш ишинин негизинде 561 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирди.

Бул тууралуу ал өзүнүн шайлоо алдындагы демөөрчүлөрүнө жолдогон катында жазган.

Трамп кайрадан Жо Байдендин администрациясын саясий куугунтукка айыптаган.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп үч башка кылмыш иши боюнча айыпталууда. Алардын бири Нью-Йорк сотунда каралып жаткан порножылдыз Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн төлөнгөн акчага тиешелүү. Тергөөнүн айтымында, бул үгүт фондунун эсебинен каржыланган, ошондуктан мыйзамсыз болгон. Флорида сотунда каралып жаткан экинчи иш жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган деген айыптарга байланыштуу.

Үчүнчү иш 2021-жылдын 6-январында Трамптын тарапкерлеринин Капитолийге жасаган чабуулуна тиешелүү. Аны Вашингтондогу сот карайт. Дал ушул айып боюнча мурдагы президент эң оор жазага тартылышы мүмкүн. Ал козголоң чыгарууга айыпталбаганы менен, башка төрт кылмышка шектелүүдө. Төрт пункттан турган корутундуда Трамп Жо Байдендин жеңишинин Конгрессте тастыкталышына жол бербөө үчүн кутумга барганы белгиленет. Кутумдун максаты «АКШ өкмөтүнүн негизги функциясын: президенттик шайлоонун жыйынтыктарын чогултуу, эсептөө жана тастыктоо процессин» бузуу болгон.

Айыптоодо айтылгандай, Трамп добуштарды эсептөөдө атайылап туура эмес маалыматты колдонуп, бир нече штаттарда расмий адамдарга басым көрсөткөн. Ал ошондой эле вице-президент Майк Пенсти бир нече штатта шайлоочулардын добушун тааныбоого ишендирүүгө аракет кылган.

Капитолийди басып алуу учурунда бир нече адам каза болгон.

The Hill белгилегендей, Трамптын эсептөөлөрү теориялык мүнөзгө ээ. Анткени Кошмо Штаттарда соттор айыпталуучуларга эң жогорку жаза берген учурлар өтө сейрек.

Дональд Трамп учурда республикачылардын арасындагы башкы талапкер. Ал АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды.

Эң көп окулган жаңылыктар