13:04
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Түркмөнстанда кайрадан аялдардын тышкы келбетине чектөөлөр киргизилүүдө

Түркмөнстандын Мары облусунда жергиликтүү бийлик мамлекеттик мекемелер менен ишканаларда иштеген жумушчулардын катышуусунда чогулуштарды өткөрүп, аларды «адептүү болууга жана жупунураак кийинүүгө» чакырууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Чогулуштарда аялдарга кайрадан жасалма кирпик жана тырмак чаптоого, чачтарын ачык түскө боёого, кыска жана денеге чапташкан кийимдерди кийүүгө, сөйкө жана шакек тагынууга болбой турганын айтып жатышат. Аткаминерлер бул эрежени бузган аялдар иштен алынарын эскертүүдө», — деп билдирди радионун Мары облусундагы кабарчысы.

Анын айтымында, мындай чогулуштарда бийлик өкүлдөрү жасалма кирпик же тырмак чаптаган аялдарды сахнага чыгарып, аларды кемсинтүүдө.

«Андай аялдарга өздөрүнүн табигый сулуулугун бузуп жатканын эскертип, бузулган аялдарга окшоп калышарын айтып жатышат», — деди аймактагы чогулуштардын бирине катышкан мугалимдердин бири.

Облустагы медициналык жайлардын биринин дарыгери белгилегендей, ошол эле маалда бул чектөөлөрдүн маданият тармагында иштеген кызматкерлерге, телеканалдардын алып баруучуларына тиешеси жок, анткени алар мамлекеттик пропаганданын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Мындай чогулуштар менен катар айрым мамлекеттик мекемелерде текшерүүлөр да башталганы айтылууда. Алардын жүрүшүндө жогорудагы тыюуларды бузган аялдар аныкталып, түшүнүк кат жазууга мажбурланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар