17:31
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгү жакырчылыкта жашайт

2022-жылдын жыйынтыгы бюнча жакырчылыктын чегинен төмөн калктын саны 2 миллион 244,3 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети даярдаган «Кыргызстан цифраларда» жылдык маалыматында көрсөтүлдү.

Жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган жарандардын саны 33,3 пайызды түздү. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 566 миң адамга (33,7 пайызга) өскөн.

Өлкөнүн калкынын 6 пайызы өтө жакырчылыкта жашайт. Шаар жерлеринде калктын 7,3 пайызы, айылда болсо калктын 5,3 пайызы бул категорияга кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
7-октябрь, дүйшөмбү