12:19
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте катаракта диагнозу боюнча 300 операция жасалат

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда «Экспресс ден соолук- Жаркын саякат» долбоорунун алкагында Кытайдан келген офтальматологдор катаракта диагнозу боюнча 300 операция жасашат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Дарыгерлер 12-сентябрдан 26-сентябрга чейин госпиталдын № 1 жана № 2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүндө иштешет. Алдын ала текшерүү жана каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) иш күндөрү 7-август жана 8-сентябрь аралыгында 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бейтаптардын жанында өздүгүн тастыктаган документтер, маалымкаттар (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Жарандар суроолор менен бул номерге кайрыла алышат: 0990800483

Долбоордун алкагында, жалпысынан Бишкек шаарында 300, ал эми Ош шаарында 300 операция жасалат.

Эң көп окулган жаңылыктар