54 жаштагы кыргыз жараны Казакстандын аймагындагы Павлодар-Омск жолунан ири көлөмдөгү баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Павлодвр — Омск жолунда Россияга дарбыз ташыган кыргыз жаранынын Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынан 59 килограмм героин жана 10 килограмм гашиш табылган. Бул заттардын көмүскө базардагы баасы 2,5 миллион долларды түзөт.
Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (Жүгүртүүдөн алынган же жүгүртүлүшү чектелген предметтердин контрабандасы) боюнча сотко чейин өндүрүш иши башталды. Ага ылайык, кылмыш ишинин уюштуруучусу мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.