00:59
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

20-августтан баштап автобус жана троллейбустарда накталай акча алынбайт

20-августтан баштап автобус жана троллейбустарда жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Акция менен транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алууга болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

2020-жылдан бери санариптештирүү жана коомдук транспортту жакшыртуу максатында «Тулпар» электрондук билеттери сатылып келет. Жарандардын электрондук төлөмгө кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

Мэрия жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдүн жолдорун сунуштоодо:

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын шилтемеден көрүүгө болот

Эң көп окулган жаңылыктар