USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр алынат

11:48, 01 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоо иштери аягына чыгып, чектөөлөр 6-августка чейин алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн акыркы жумуштар аткарылып, чектөөлөрдүн 2-август 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Ага чейин азыркы график сакталып турат. Ал эми жакында тоннелдин айланасын көрктөндүрүү иштери башталарын, бирок ал учурда унаалар тоскоолдуксуз өтө алышарын министрлик белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан жабылып турган. Бул объектте оңдоп-түзөө иштери акыркы жолу 2000-жылы жүргүзүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика