USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Кайрадан шайлоо. Талапкерлердин арасында бир дагы аял жок

10:25, 01 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Ленин бир мандаттык округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин саны өсүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Шайлоого катышуу арызы менен жумушсуз Русланбек Тагаев жана ЖЧК «Медутиль» ишканасынын башчысы Бакыт Шаршембиев кайрылды. Жалпысынан шайлоого катышуу ниетин 12 адам билдирген, алардын арасында бир дагы аял талапкер жок. БШК талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктарын эскертет.

Парламент депутаттарын кайра шайлоо 10-сентябрда Ленин бир мандаттуу округунда өтөт. Каттоо 20-августка чейин уланат.

Буга чейин БШК Ленин району боюнча 28-майда өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, Дамира Ниязалиевага берилген добуштар жокко чыгарылган. Ал шайлоодо добуштардын 35,86 пайызын алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика