11:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ТИМ кыргыз үй-бүлөнүн Кариб деңизинде жоголгону тууралуу маалыматты текшерет

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кариб деңизинде АКШга бараткан кыргызстандык бир үй-бүлө каза болушу мүмкүн деген маалымат боюнча комментарий берди.

Министрлик билдиргендей, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кариб деңизинин аймагындагы өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен биргеликте окуянын чоо-жайын тактоо иштерин баштады.

Буга чейин «Настоящее время» телеканалы Борбордук Американын 7 өлкөсү аркылуу АКШга мыйзамсыз кирген казакстандыктын маегин жарыялаган. Анын айтымында, Кариб деңизинде кыргызстандык бир үй-бүлө кайыктан кулап түшкөн.

Быйыл май айында Мексика менен АКШнын чек арасында коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөр алынган. Мексиканын миграция кызматы Мавритания, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан АКШга өтүүгө аракет кылган жарандар көбөйгөнүн билдирген.

Расмий маалыматтар акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандардын саны өсүп жатканын ырастайт. «Азаттык» буга чейин иммиграциянын бул татаал жолун тандап алган кыргызстандыктар тууралуу айтып берген.