14:55
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Министрлик Канат Исаевдин эжесин кызматтан алды. Оорукана жамааты колдоп чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Токмок шаардык оорукананын директору Бактыгүл Исаева кызматтан алынды. Бул тууралуу окурмандар 24.kg агенттигине билдиришти.

Алардын айтымында, шаардык оорукана Үй-бүлөлүк медицина борбору жана Чүй облустук стоматология бейтапканасы менен бириктирилүүдө. Оптималдаштыруунун жыйынтыгында Бактыгүл Исаева ээлеген кызматынан бошотушкан.

«Ал жетекчи катары биздин оорукана үчүн көп иш жасады. Бизге жаңы төрөт үйү курулду. Бизге жаңы жетекчи сынак менен дайындалып, ага Бактыгүл Исаева дагы катыша алсын», — дейт жамаат.

Эң көп окулган жаңылыктар