19:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баткенде 200 орундуу оорукананын курулушу аяктады

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы курулуп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Оорукана Өзбекстандын колдоосу менен курулду. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулду.

Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар