12:03
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Коопсуздук, эркиндик. Борбордук Азия өлкөлөрүн биригүүгө түрткөн шарттар

Борбордук Азия өлкөнүнүн башчыларынын кеңешмеси Чолпон-Ата шаарында өткөндөн бери бир жыл өттү. Анда белгилүү болгондой, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен түркмөн лидери Сердар Бердымухамедов достук, кызматташтык жана ынтымактуу кошуналык келишимине кол коюшкан эмес.

Талдоочулардын айтымында, келишимге эки өлкө башчыларынын кол коюудан баш тартышы Борбордук Азиянын дагы эле кызматташууну жолго кое албай жатканын билдирет.

Чолпон-Атада сунушталган Достук келишиминде Борбордук Азия өлкөлөрүн талаш маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүнү милдеттендирет. Мамлекеттер бири-бирине каршы аскер күчтөрүн колдонуудан баш тартышат. Макулдашуунун мөөнөтү жазылган эмес. Анын катышуучулары каалаган убакта кат жолдоо менен келишимден чыгып кете алышат.

Муктаждык

Борбордук Азиянын геополитикада ири державалар менен карым-катнашы мындан ары кандай болот? Эки тарап менен теңата кызматташа алабы?

Мурдакы совет мамлекеттери албетте аларды формалдуу эгемен өлкө эмес, толук кандуу өнөктөш катары кароосуна кызыкдар. Бирок, алар өздөрү аймактык биримдигин бекемдей албай жатканда геосаясый максаттар жөнүндө кеп ашыкча.

Талдоочулардын пикиринде, интеграциялык аракеттердин ишке ашуусуна убакыт талап кылынат.

«Мисалы, Европа биримдигиндеги интеграция 70 жыл мурда башталганына карабай, дагы эле уланууда. Андыктан бизде иш жүрүп жатат, кырдаал уламөзгөрүп, эки кошуна ортосунда эки тараптуу иштер ишке ашууда», — дейт саясат талдоочу Наргиза Мураталиева.

Анын пикирине эксперт Чынара Эсенгул дагы кошулат. Ал интеграциялык түзүмдөр болушу керектигин белгилейт. Мисалы Европа биримдигинде Еврокомиссия менен Европарламент бар.

Президенттердин 2022-жылы Чолпон-Атада жолугушуусу биздин өлкөлөр ортосунда нормалдуу кооперация жоктугун көрсөттү. Достук келишимине беш өлкөнүн үчөө гана макул болушу Борбор Азия өлкөлөрү толук кандуу кызматташа албастыгын көрсөттү.

Чынара Эсенгул.

Бирок мындай жолугушуулардын өтүп турганы алгылыктуу көрүнүш. Эгер демилгелер көтөрүлбөй, достук мамиле боюнча сунуштар түшпөй турса, анда кооптонууга негиз бар экени аныкталмак.

«Борбордук Азия өлкөнүнүн башчыларынын кеңешмеси — бул сүйлөшүүгө, талкуулоого жол ачкан аянтча бар экенин көрсөтөт. Болбосо өлкөлөр бири-бирине карата күч колдонууга даяр экенин көрсөткөндөй кабатырлануу жаратмак», — дейт талдоочу.

Карам-каршылыктар жана атаандаштык

Борбордук Азиянын биримдиги өзүнө гана керек. Тышкы өнөктөштөрдөн азырынча Европа биримдиги гана колдоого даярдыгын көрсөтүүдө.

Москва Борбордук Азиянын биригүүсүн ЕАЭБке каршы күч катары көрөт. Анткени бул өлкөлөрдүн тыгыз карым катнашы экономикалык уюмду алсыздатып, деги эле анын зарылчылдыгына суроо жаратышы мүмкүн.

«Аймактын биригиши биринчи кезекте Орусияга коркунуч алып келет, анткени бул БА өлкөлөрүнүн эр жетип, реалдуу түрдө эгемен болууга кадам таштагынын билдирет. Алардын Орусиянын башкаруусунан чыгууга даярдыгын көрсөтөт. Бирок ынтымактуу Борбордук Азия Батыш, Түркия жана Кытайга дагы иштешүүгө оорчулуктарды жаратат. Бул долбоордун ишке ашуусу ири геосаясый кызыкчылыктарга дагы таасир берет», — дейт Чынара Эсенгул.

Наргиза Мураталиева бир дагы тарап келечектеги биримдик кандайдыр бир каршылык негиздерге ээ болуусун каалабайт дейт.

«Интеграциялык процесстер 2016-жылы Өзбекстан тышкы саясатын өзгөртө баштаганда башталды. 2018-жылы өлкө башчыларынын кеңешмеси түзүлдү. Украинадагы согуш региондо интеграциялык процесстердин зарылдыгын көрсөттү», — дейт ал.

Өзбекстандык эксперт Фарход Талипов аймактагы процесстер өз алдынча ишке ашып, алардын чыгыш Европа же башка аскердик конфликттерге тиешеси жоктугун айтат.

«Борбордук Азия өлкөлөрү эч качан биригүүдөн баш тарткан эмес. Айрым учурда кырдаал жана Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы тымызын атаандаштык жолтоо болгон. Бирок бийликке Шавкат Мирзиеев менен Касым-Жоомарт Токаевдин келиши менен карама-каршылыктар жоюлду», — дейт Фарход Талипов.

Башка аналитиктердин билдирүүсүндө, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талашы, Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык маселелери чечилмейин интегрция боюнча сүйлөөгө эрте.

Альтернативдүү жолдор

Саясат талдоочу Алмаз Тажибайдын айтымында, Украинадагы согуштан кийин аймактагы өлкөлөр коопсуздугуна кепилдикти Түркия, Кытай, АКШ жана Европа биримдигинен издөөдө.

Талдоочу Борбордук Азияга мамлекеттик бүтүндүгүн сактоо үчүн башка өлкөлөргө таянуу туура эмес деп эсептейт. Алар баардык жактакн көз-карандысыздыгын коргоо кудуреттүү болушу шарт.

Ал Орусия, Кытай жана Түркия — бул мурдакы империялык өлкөлөр жана алар тынчтыкты дагы ушундай өңүттө карашат. Андыктан аларды «аймакка күзөтчү» катары тандоо менен БА өзүнүн эгемендиги менен бөлүшүүгө туура келет. Мындай кырдаал Астананын, Ташкенттин, Бишкектин, Душанбенин жана Ашхабаддын дагы кызыкчылыгына жооп бербейт.

Борбордук Азиянын геосаясый багыты учурда оор кырдаалга туш келип, Москва, Пекин жана Анкара менен мамилеси улуттук кызычылыкка таянуу менен жүргүзүүгө өтүүсү керек.

Аймак Кытайдын «жумшак күчүнө», Кремлдин империялык дымагына, Анкары басымына калбастыгы маанилүү. Бул үч күч Борбордук Азияга таасирин мындар ары дагы күчөтүп, өз ара бөлүп алууга аракетинен артка кайтпастыгы ачык. 

Эң көп окулган жаңылыктар