18:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент ЖРТнын жеңүүчүлөрүнө «Алтын сертификат» тапшырды

«Алган билимиңер, топтогон тажрыйбаңар Ата Мекен үчүн пайда алып келгендей болсун», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1 июлда, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы аземге катышкан улан-кыздарды мектепти ийгиликтүү аяктап, «Алтын сертификат» алып жатышкандыгы менен куттуктады.

«Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жеңүүчүлөрү, эң мыкты бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанып турабыз.

Сиздер ушул тапта келечек кесибиңерди тандап, улуу максаттарды алдыга коюп, багытыңарды аныктап алганыңыздарга толугу менен ишенем.

Бүгүнкү ийгиликке жетүү үчүн сиздер бөбөк кезден, биринчи класстан тартып талпынып, мына минтип аң-сезимдүү, айкын максаттуу, ар тараптуу инсан болдуңуздар. Бекеринен кыргыз «Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы» дебесе керек», — деп айтты Президент.

Садыр Жапаров ошондой эле балдардын бүгүнкү натыйжага жетүүсүнө мугалимдер менен ата-энелердин кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

«Билим кенин казууда, кыйынчылыкта, жакшылыкта акыл сөздөрүн айтып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушуп, артка кылчайбай алдыга карай жүрүүгө үндөгөн адамдар ушулар эмеспи», — деди Президент.

Анын белгилешинче, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын кыйла бөлүгү чет мамлекеттердин алдыңкы университеттерине өтүшөт, бул ата мекендик билим берүү системасын олуттуу потенциалын көрсөтүп турат.

«Бул турмушта кандай гана бийиктиктерди багындырбагыла, Кыргызстан туулган жериңер, ата-бабаңар жаткан жер экендигин унутпагыла. Билим берүү тармагы боюнча мамлекеттик саясаттын келечектүү багыттарынын бири — жаштар, келечек муундар үчүн тез алмашып турган шарттарда билим алууга ыңгайлуу, ачык жана үзгүлтүксүз билим берүүнү уюштуруу болуп саналат.

Мамлекет акча каражаттарынын кыйла бөлүгүн билим берүү тармагына бөлүп келе жатат, билим берүү объектилеринин курулушуна, билим берүүнүн сапатына жана мазмунуна, окутуучулардын эмгек акысын жакшыртууга көңүл бурууда», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал «Алтын сертификаттын» ээлеринин саны жыл сайын өсүп жатканын, аймактардагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан да мыктылар суурулуп чыккандыгын кубануу менен белгиледи.

«Он жети жылдын ичинде 700дөн ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн артыкчылык сертификаттары менен сыйланган. Албетте, алар — республиканын жаш муундарынын элитасы, биздин сыймыгыбыз, келечегибиз!

Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку баллга татыган сиздердин жетишкендиктериңер көп жылдык эмгектин, сиздердин окууга болгон мамилеңердин жана шык-жөндөмүңөрдүн үзүрү.

Сиздердин Артыкчылык сертификаттардын негизинде Кыргызстандагы каалаган мамлекеттик окуу жайына, каалаган адистикке конкурстан тышкары окууга өтүүгө укугуңар бар.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясы бүтүндөй билим берүү системасына кедергисин тийгизгендигине карабастан, бир топ ийгиликтер жаралды. Сиздер билим алууга эч нерсе тоскоолдук кыла албасын далилдеп, өзүңөрдү көрсөтө алдыңар», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы азыркы — жогорку инновациялык технологиялар заманында билимдин баалуулугуна токтолду.

«Биздин коомчулук билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, билим сапатынын жакшырышына багытталган реформалардын жүзөгө ашуусуна кызыкдар.

Бүгүн коомчулук негизги ресурс болгон адам потенциалын түзүүгө жана өнүктүрүүгө активдүү инвестиция жумшап жатат. Себеби, ааламдагы эң кымбат ресурс — билим.

Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү камсыздоону, жакырчылыкты кыскартууну, заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллигенцияны калыптандырууну камтыйт», — деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы кайсы гана мамлекетте болбосун өлкөнүн келечеги — таланттуу жаштар экенин баса белгиледи.

«Мен сиздер менен сыймыктанам жана ар бириңиздер сүйүктүү кесипке ээ болуп, өз тармагынын мыктысына айланып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошоруңарга бекем ишенем.

Сиздерге, биринчиден, бекем ден соолук каалайм, улам жаңы бийиктиктерди багындырып, жаңы ашууларды ашкыла. Кыялдарыңар ишке ашып, кылым адамы болгула! Эң башкысы кандай гана кырдаал болбосун Адам бойдон калгыла!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума