18:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Гедмин: «Азаттык» өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин «Азаттыктын» иши боюнча Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин билдирүү таратты.

12-июлда сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

«Эл аралык коомчулуктун жапатырмак аракеттеринин жана колдоосунун жыйынтыгы менен «Азаттык» радиосу өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет» — деди Гедмин. «Бул күттүргөн чечим «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун миссиясына, принциптерине жана журналисттик стандарттарына шайкеш келет».

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да 12-июлда билдирүү таратып, «Азаттык Медиа» мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Маданият министрлиги былтыр 24-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар