12:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алты айда бюджеттин киреше бөлүгү 108 пайызга аткарылды

Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик башкаруу секторунун ресурстары 257,6 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Ал белгилегендей, дүйнөдөгү саясий кырдаалга карабастан, 2023-жылдын 6 айында бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 176,7 млрд сомду түзүп, белгиленген план 108,4%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 130,4% түздү.

Биринчи жарым жылдыкта салыктык түшүүлөр 132,2 млрд сомду түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 126,4%ды түздү.

Мындан тышкары, жыйында салык жана бажы тармагында жүргүзүлүп жаткан фискалдык реформалар тууралуу маалымат айтылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жүргүзүлгөн фискалдык реформалардын аркасында бюджеттин киреше бөлүгүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгиледи.

“Салыктын дээрлик бардык түрлөрүнөн түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү байкалууда. Көрүлгөн аракеттердин аркасында салыктык кирешелерди башкарууда тартип орнотулду. Кийинки кадам бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жана чыгашалардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен тартипке келтирүү”, - деди ал.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы ошондой эле бардык социалдык маанилүү иш-чараларды, анын ичинде мектептерди курууну жана жолдорду оңдоону өз убагында жана толук каржылоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында 2023-жылдын II жарым жылдыгына бюджетти пландаштыруу жана фискалдык чөйрөнү реформалоо боюнча мындан аркы кадамдарга байланыштуу протоколдук тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар