Кыргызстандын Тажикстандагы мурдакы элчиси Жаныш Рустанбеков 74 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
КР Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, КР чет өлкөдөгү мекемелеринин жана дипломатиялык кызмат органдары системасынын ведомстволук уюмдарынын жамааттары мурдагы элчинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.