14:33
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды

Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны К.у.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ал Украинага көчүп барып, ал жердеги аскердик операцияларга катышкан.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

УКМК чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума
16-май, бейшемби