Ош шаарындагы «Боорукердик үйү" мекемесинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Карылар үйүнүн 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн.
Жабыркагандар жок.