Өзбек-кыргыз чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, чек арада Бангладештин төрт жараны жана бир өзбек атуулу колго түштү.
Алар Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы «Кум» чек ара тилкеси аркылуу өтмөкчү болушкан.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.