Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компания Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.
Алардын арасында «ТВЕА» менен келишим дагы бар.
Белгилей кетсек, «ТВЕА» Бишкектеги Жылуулук электр борборун модернизациялоо ишин жүргүзгөн. Ал үчүн Кытайдан 380 миллион доллар кредит алынган. ЖЭБтеги кырсыктан кийин модернизациялоо иштеринин жүрүшү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, экс-премьер-министр баш болгон бир катар аткаминерлер жоопко тартылган.