07:44
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Казакстандын президентин 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин 70 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу Кыргызстан башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

«Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм! Боордош Казакстан дүйнөлүк коомчулукта кадыр-баркын арттырып, өнүгүү жолуна түшкөнү бизди абдан кубандырат.

Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Казакстанда жүргүзүлүп жаткан пландуу жана комплекстүү реформалар ийгиликтүү ишке ашып, өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болуп берет, деп ишенем.

Кыргыз тарап достукка, ынак коңшулукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон сиздин жеке салымыңызды жогору баалайт жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө чоң маани берет.

Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, мамлекеттер аралык союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерибиз ырааттуу өнүгө берерине терең ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге бекем ден соолук жана алдыга коюлган бардык максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар