Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Дэн Сяопин проспектиси менен Б.Алыкулов көчөсүнүн кесилишине стела орнотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, стеланын бийиктиги 11 метрди түзөт. Ага ак илбирстин айкели, «Бишкек» деген жазуулары орнотулуп, ошондой эле аймагы көрктөндүрүлдү.