Корруциялашкан бажычылар менен жең ичинен сүйлөшүп алып көмүскөдөгү магнатка айланган Хабибула Абдукадыр Борбор Азияга футболкадан тарта заманбап электроникага чейинки кытай товарларынын импортун көзөмөлдөйт. Азыр ал Өзбекстанда өкмөт менен өнөктөштүктө бизнес менен алектенет.
Буга чейинки иликтөөлөрдө Абдукадырдын үй-бүлөсү коррупционер аткаминерлердин жардамы менен Кыргызстанда соода жолдоруна көзөмөл орноткону аныкталган. Бирок бул алардын Өзбекстанда бийликке ыкташына жолтоо болгон эмес.
Алар көмүскөдөн чыгып, мамлекеттик агенттиктер жана президент Шавкат Мирзиёевдин туугандары менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө киришкен.
Абдукадырлар Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири -Ташкенттеги «Абу-Сахийди» сатып алгандан кийин алардын транспорт жана логистикалык компаниялары товар ташыган эл аралык соода жолдорунда басымдуулук кыла баштаган. Ал арада Абдукадырдын компаниясы Өзбекстанда эки жаңы бажы терминалын иштетип, дагы бир нечесин куруу үчүн тендерди жеңип алганы кабарланууда.
2021-жылдын декабрында майрамга жакын Москвага көптөн күтүлгөн жүк жеткирилген. Ташкенттен чыккан муздаткычы бар поездге жүзүм, курма, лимон жана помидор жүктөлгөн болчу. Бул Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы жаңы соода келишиминин алкагында түзүлгөн «Агроэкспресс» темир жол кызматын алгачкы сыноодон өткөрүү эле.
Бирок поезддин вагондорунун бооруна тартылган эн белгиден «Агроэкспресске» былтыр гана түзүлгөн эч кимге белгисиз жеке компания өнөктөш экени көрүнөт.
UTI Transit — паракорлук жана коррупция аркылуу көмүскө карго империясын курган делген, Кытайда туулган уйгур тектүү чуулгандуу Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык.
«Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» иликтөөлөрү төрт бир туугандын улуусу Хабибулла Абдукадыр башында турган үй-бүлө Кыргызстандагы жооптуу аткаминерлерди кантип сатып алып, бажыдан артыкчылык менен пайдалануу аркылуу өлкөнүн негизги соода жолдоруна көзөмөлдүк кылганынын бетин ачкан.