14:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абадда «Коопсуздук-2023» машыгуусу жыйынтыкталды

Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан 25-27-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагында «Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда өзгөчө абалды киргизүү шарттарында аскердик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын иши» темасында «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде өлкөгө куралдуу кылмышкерлер кол салган учурда, массалык баш-аламандыктар орун алганда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын аткара турган жумуштары практика түрүндө көрсөтүлдү.

Практикалык машыгууга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов катышты.

Жыйынтыктоочу жыйын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында болуп, машыгууга активдүү катышкандар бир катар сыйлыктар менен сыйланышты.

Эң көп окулган жаңылыктар