Бишкек мэриясы эски автобустарды 32-42 миң сомдон сатат. Бул тууралуу муниципалитеттин өкүлү Талант Рыскулбек уулу билдирди.
Маалыматка караганда, жолго чыкпай калган 300 автобус сатылат. Алардын орточо баасы 32-42 миң сомду түзөт. Автобусту сатып алууну каалагандар 12-майга чейин мэрияга арыз жолдошу керек.
Андан кийин аукцион өткөрүлөт.