04:49
USD 89.43
EUR 96.36
RUB 0.97

Кыргызстан менен Орусия абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзөт

Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан.

Тараптар бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. Ошентсе да аталган жагдай Украинадагы согуштун фонунда кабатырлануу менен кабылданып жатат.

Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому мекеменин атайын сайтына жарыяланды. Документке Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон.

Бул кабар чыккандан көп өтпөй 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путинменен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефондо сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Анда алар жалпы кызматташтык жөнүндө кеп кылышканы айтылган.

Эки өлкөнүн ортосунда абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча буйрукка 2022-жылдын 8-июлунда орус президенти Владимир Путин өзү кол койгон.

Орусиялык «Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасы атайын түзүм сыяктуу болот. Анын курамына кирчү аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандалат. Орус күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз бериши керек болот.

Иш жүзүндө абадан коргонуу жаатында Кыргызстан менен Орусия келишими буга чейин эле бар болчу. Болгону ал көп тараптуу деп саналчу. Тагыраагы 1995-жылы 10-февралда Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө 12 мамлекеттин лидерлери бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анын ичинде Орусия менен Кыргызстандан сырткары Азербайжан, Молдова, Армения, Беларус, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Украина да бар эле. Бирок Украина менен Түркмөнстан КМШнын негизги жобосун кабыл алган эмес, Грузия болсо Орусия менен согушкан соң уюмдан чыгып кеткен.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар.Алардын эң чоңу — Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Адистер түшүндүргөндөй, Орусия так ушул базалар аркылуу азыр деле Кыргызстандын абадан коргонуу миссиясын аткарып турат.

Кыргызстандын бийлик башындагылар буга чейин Орусия менен болгон абадан коргонуу боюнча орток система тууралуу билдирүү жасашкан эмес. Бирок президент Садыр Жапаров да, андан кийинки деңгээлдеги аткаминерлер да өлкө мындан ары өзүнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдай турганын айтып келишет.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу «Аксунгур», «Акынжы», «Анка» аскердик техникасын, «Байрактар» учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар