22:36
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө 11-апрель күнү саат 23:08де өлкө аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.
 
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында — 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында — 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында, Каракол шаарында — 3 баллга чейин сезилген.
 
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эң көп окулган жаңылыктар