10-апрелден 16-апрелге чейин Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык кызматы Кыргызстандагы беш сүт заводунда текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, сүт азыктары текшерүүдөн өткөн лабораторияларды, сакталуучу жайларды дагы карап чыгат.
Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Ветеринардык кызматынын ишине баа берилет.