Түркиянын Кахраманмараш шаарында тигилген боз үйлөрдө тигүү курстары өтүп жатат. Бул тууралуу Твиттерге Түркиянын билим берүү министри Махмут Өзер жазды.
Министр жарыялаган видеороликте зилзаладан кийин боз үйлөрдө убактылуу жашап жаткан аялдар тиккенди үйрөнүп жатканы айтылат.
«Биз Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө кийим-кечек жана башка керектүү буюмдарды тигүүнү үйрөтө турган курстарды ачтык», — деди курстарды окуткан мугалимдердин бири Филиз Теке.
Мурдараак Стамбулдун Үскүдар районунун башчысы Хилми Түркмен жер титирөөдөн жабыркаган Адыяман провинциясында Кыргызстандын 200 боз үйү тигилгенин жана аларда аймактын окуучулары билим алып жатканын кабарлаган.
6-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында сегиз баллга жакын жер титиреген. Ондогон шаар-кыштактар кыйраган. Жер силкинүүдөн курман болгондордун саны 50 миңден ашты. Зилзала Түркияга чектеш Сирияда да 8 миңден көп кишинин өмүрүн алды.

