15:31
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Садыр Жапаров Түркияга жеке менчик учак менен барды

Садыр Жапаров Түркияга жеке менчик учак менен барды. Маалыматты президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев ырастады.

Анын айтымында, күйүүчү майга гана акча төлөндү.

«Учакты лизинге алуу иштери аяктай элек. Андыктан Кыргызстан тарап күйүүчү майдын гана чыгымын мойнуна алат», — деди ал.

Садыр Жапаров Анкарага Air X Chapter авиакомпаниясынын Embraer Lineage 1000 учагы менен барды. Маалыматка караганда, бул учакта учуунун бир сааты 14 миң 850 доллар турат.

 

Эң көп окулган жаңылыктар