Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен, бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды.