05:05
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Душанбе Москвада митингге чыккан мигранттар боюнча билдирүү жасады

Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты ишке орноштуруу министрлиги Москвада митингге чыккан тажик жарандары боюнча билдирүү жасады.

Өткөн жумада миңдеген өзбек жана тажик мигранттары Москвада Crocus Group компаниясына каршы митингге чыгып, аталган компания аларга төрт айдан бери айлык төлөбөй жатканына даттанышкан.

Тажикстандын Эмгек министрлигинин билдирүүсүнө караганда, мекеменин кызматкерлери үч күн мурда аталган курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, мигранттарга айлыктарын төлөп берүү маселесин талкуулашкан.

«Айлыктардын өз убагында төлөнбөй калышына буйрутма берүүчүнүн аткарылган жумуштун көлөмүнө жараша каражатты которбогону себеп болгон. Бирок компания мигранттарга үч маал тамак, курулуш кийимдерин берип, патенттерин төлөп турган», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Crocus Group курулуш компаниясынын жетекчилиги жумушчулардын нааразылыгы боюнча расмий билдирүү жасаган жок. Бирок буга чейин компания марттын башында мигранттарга айлыктарын толук төлөп берүүнү убадалаганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар