6-11 класстардын окуучулары арасында республикалык математикалык олимпиада өткөрөт. Аны Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Швед мектеби уюштурат.
6-8-класстар үчүн олимпиада 2023-жылдын 5-мартында онлайн форматта бир этап менен өтөт. 9-11-класстар үчүн олимпиада эки этап менен, биринчи этап онлайн форматта өткөрүлөт.
I этапты (онлайн) онлайн форматта өткөрүү графиги:
— 6-7 — класстар үчүн — 2023-жылдын 5 -мартында саат 11:00дө башталат;
— 8-9 — класстар үчүн — 2023-жылдын 5 -мартында саат 12:00дө башталат;
— 10-11-класстар үчүн — 2023-жылдын 5-мартында саат 13:00дө башталат.
II этап — офлайн форматында 2023-жылдын 19-мартында саат 12.00дө башталат.
Олимпиаданын II этабына 9, 10, 11- класстардын алдыңкы (рейтинг боюнча) 20 орунду ээлеген окуучулар катышат.
Олимпиаданын II этабынын өтүлүүчү жери: Бишкек шаары, Борбор Азиадагы Америкалык университетинин негизги имаратында.