00:07
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Опузалап акча доолаган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун тургунунан $14 миң 500 өлчөмүндө акча каражатын талап кылып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн Женго кайманаты аталган К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Г.У.Н. жана Н.А.А. кармалып, КР УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн.

Г.У.Н. жана Н.А.А., мурда «каракчылык» жана «каракчылык» беренелери боюнча бир нече жолу соттолушуп, Жазасынын өтө элек мөөнөтүнө Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 43-колониясында каттоодо турушкан.

Кармалган Н.А.А., колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу, Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.

Азыркы учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тийешеси бар экендиги текшерилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар