Өзбекстанда жакырчылыктын деңгээли 17 пайыздан 14 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 25-январда өткөн видеоселектордук жыйында билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө жакырчылыкты кыскартуу максатында акимдердин орун басарлары 1 миллион кишини түрдүү кесиптерге үйрөтүп, аларды кирешелүү жумуш орундары менен камсыз кылганы жана өз иштерин ачууга жардам бергени айтылды.
Мирзиёев жакырчылыкты азайтуу улуттук саясаттын деңгээлине чыгарылганын белгилеп, 2022-жылы 200 миңге жакын ишкерлик субъектиси түзүлгөнүн, 10 миң ишкана өз ишмердүүлүгүн кеңейтип, 11 миң ишкана өз кубаттуулугун арттырганын билдирди.
Өткөн жылы май айында Дүйнөлүк банк Өзбекстан боюнча өз баяндамасын жарыялаган. Анда 2018-жылга карта бул өлкөдө жакырчылыктын эң төмөнкү деңгээли жоюлганы жазылган. Мындан тышкары Өзбекстан калкынын 9,5% жакырчылыктын орто деңгээлинде калып жатканы белгиленген.
Бүгүнкү күндө калктын жан башына болгон кирешесинин деңгээли боюнча Өзбекстан менен тең өлкөлөрдө жакырчылыктын төмөнкү деңгээли 3,3% түзөт.

