06:47
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Нурсултан Назарбаев жүрөгүнөн операция болду

Нурсултан Назарбаев жүрөгүнөн операция болду. Ал Улуттук илимий кардиохирургиялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу мурдагы президенттин маалымат катчысы Айдос Үкибай билдирди.

Үкүбай Твиттерге: «Операция ийгиликтүү өттү. Биринчи президенттин өмүрүнө коркунуч жок. Ушул тапта ал көзөмөлдө», — деп жазды.

20-январь күнү эртең менен «Хабар 24» телеканалынын мурдагы директору Александр Аксютиц соцтармактардагы баракчалары аркылуу Нурсултан Назарбаев ооруканага жаткырылганын кабарлаган.

Нурсултан Назарбаев 1991-жылдын 16-декабрынан 2019-жылдын 20-мартына чейин Казакстандын президенти болгон. 2022-жылы расмий маалымат боюнча 238 кишинин өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Назарбаев мурдагы таасиринен ажыраган.

2023-жылы январда «Туңгуч президент — Елбасы» мыйзамы толугу менен күчүн жоготкон. 13-январда казак парламентинин депутаттары -президент Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген конституциялык мыйзамды жокко чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар