Дүйшөмбүдө чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара боюнча түшүнүү бар.
«Эң башкысы Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку жетекчилиги чек ара маселесине чекит коюу керектигин түшүнүп турат. Чек ара маселеси бир күндө чечилбей тургандыгын жакшы билесиздер. Өзбекстан менен чек ара маселесин 30 жыл аралыгында чечип келдик», — деди ал.
Министр 2023-жыл жемиштүү болоруна үмүт артты.