10:26
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Тажикстанда мечиттин имам-хатиби футбол командасынын башчысы болуп дайындалды

Тажикстандын Восей районундагы мечиттин имам-хатиби Саидакрам Сирожев жергиликтүү «Хулбука» футбол командасынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

«Имам-хатибди команданын башчысы кылып дайындоо сунушу оюнчулар менен күйөрмандарга таандык. Биз бул маселени талкуулап, макул болдук», — деди башкы машыктыруучу Журахон Мирзоев.

Имам-хатиб буга чейин үч жыл «Хулбуктун» демөөрчүсү болгон. Ал жылдары команда Тажикстандын футбол боюнча чемпионатында күмүш жана коло медалдарды уткан.

Саидакрам Сирожев команданын оюнчусу эмес экенин жана оюн талаасына чыкпай турганын билдирди. Имам-хатибдин айтымында, анын негизги милдети — жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен команданын ийгиликке жетишине жана кайрадан Тажикстандын Жогорку лигасына чыгуусуна көмөктөшүү.

1982-жылы негизделген «Хулбук» командасы бир нече жыл мурда Тажикстандын Жогорку лигасында ойногон. Башкы машыктыруучунун айтымында, каражаттын жетишсиздигинен улам команда Биринчи лигага түшүп калган. 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Хулбук» лигада жетинчи орун алган. Команданын бир жылдык бюджети 350 миң сомонини (35 миң долларга жакын) түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума