Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле 82 жашында каза болду.
Ал 29-ноябрда ооруканага жеткирилген. Маалыматка караганда, Пеле шишик оорусу менен ооруп жүргөн.
Пеле — тарыхта дүйнөлүк чемпионатты үч жолу (1958, 1962, 1970) утуп алган оюнчу.
Бразилиянын курама командасы үчүн ал 77 гол киргизген.