03:24
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Мамлекеттик кызматкерлер 13-айлыгын ала албай жатышат

Мамлекеттик кызматкерлер 13-айлыгын ала албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Финансы министрлиги мамлекеттик кызматкерлердин жыл аягындагы маянасы үчүн акча которбой жатат.

«13-айлык корголгон берене. Премиялар берилбегени аз келгенсип, эми бул маянаны дагы кыскартып жатышат», — деди эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар