14:56
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бишкекте техникалык туз салынган челектерди орнотууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын кызматкерлери аялдамаларда техникалык туз үчүн атайын челектерди орнотуп жатышат.

Ар бир райондо 17 даана челектен орнотулат. Жумушка 8 жумушчу жана 4 бирдик атайын техника тартылган.

Шаардын тазалыгын жана камсыз кылуу үчүн бүгүн линияда 632 тазалоочу, 212 жүктөгүч жана 93 атайын техника иштеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар