Бүгүн өлкө башчысы Индиянын, Европа Биримдигинин жана Япониянын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алып, ар бири менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттержи менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров Кыргызстан аталган өлкөдөн энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, медицина жана туризм сыяктуу тармактарга түз инвестиция тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.
Ал эми, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон менен сүйлөшүүдө, эки тараптуу өнөктөштүккө 30 жыл толгону айтылып, мамилелерди мындан ары да кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экенин билдирген.
Садыр Жапаров Япониянын элчиси Хидеки Года менен жолугушууда Кыргызстан Японияны жакын жана негизги өнөктөшү катары карай турганын белгиледи.
Дипломаттар менен жолугушууда Президент Садыр Жапаров соода-экономикалык чөйрөдө пайдаланылбай келген, бирок кеңейтүүгө зарыл болгон потенциалды белгилеп, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин билдирген.
Өз кезегинде, элчилер дагы саясий, соода-экономикалык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экендигин айтышкан.

