Бишкектеги № 33 мектептин мугалиминен кургак учук аныкталды. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.
Кургак учукка каршы күрөшүү борборунан кабарлашкандай, алдын ала текшерүү учурунда мугалимден бул илдет аныкталган. 15-ноябрда ал фтизиатрга каттоого алынып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкектин ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл борбору тарабынан эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлдү. Анда, мугалим медициналык текшерүүдөн (рентгенден) өтпөй эле ишке алынганы белгилүү болгон. Кургак учук аныкталгандан кийин, мектеп дезинфекцияланып, мугалим менен байланышта болгон 163 бала медициналык кароодон өткөрүлүүдө.

