18:33
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Жаңы регламент. Парламентте айрым комитеттер, комиссиялар жыйын өткөрө албайт

Парламенттеги 3 комитеттин курамы толукталып, мыйзамдуу кворум болмоюнча жыйын өткөрүлбөшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүу боюнча комитети, социалдык саясат боюнча комитети жана укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жаңы кабыл алынган регламентке ылайык, 8 ден кем эмес депутат болуп толукталышы керек.

Парламенттин сайтындагы маалымат боюнча, учурда агрардык саясат боюнча комитетинде 6, социалдык саясат боюнча комитетинде 6 эл өкүлү мүчөлүк кылат. Ал эми, укук тартиби боюнча комитетинде кворум бар, 8 депутат мүчө. Андыктан, жаңы регламентке ылайык, эки комитеттин курамы толукталышы керек.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, жаңы регламент боюнча эми ал Бишкектеги башаламан курулуштар боюнча парламенттик комиссияны жетектей албайт. Ал комитеттин төрагасынын орун басары болгондуктан буга жаңы мыйзам жол бербейт.

«Бишкектеги башаламан курулуштар боюнча парламенттик комиссия ишин жигердүү баштаган. Бирок, Тажикстандын агрессиялык аракетинен улам жумушту токтотууга туура келди. Эми жаңы регламентке ылайык, мен депутаттык комиссияга төрагалык кыла албайм», — деди Дастан Бекешев.

Эң көп окулган жаңылыктар